17.01.2019 11:01

«Жиндиканадан качкандар». Кинотеатрларда аталышы чуу жараткан тасма көрсөтүлүп баштады 

«Жиндиканадан качкандар». Кинотеатрларда аталышы чуу жараткан тасма көрсөтүлүп баштады 

Кыргыз тилиндеги тасмалардын катары дагы бир фильм менен толукталды. Кечээ, 16-январда борбордогу «Манас» кинотеатрында «Жиндиканадан качкандар» аттуу фильмдин бет ачары болуп өттү.

Эскерте кетсек, бул тасма тартыла элек жатып, чуу жараткан.  Тартуучу топ комедия жанрында жарала турган фильмге адегенде «Чым-Коргондук качкындар» аталышын ыйгарган.

Анын жарнамалары пайда болоор замат, психитриялык оорукана жайгашкан Чым-Коргон айылынын  тургундары нааразы болуп, чуу Маданият министрлигине дейре жеткен.

Жыйынтыгында, аты өзгөрүлүп, 30 мүнөткө кыскартылган тасма кечээ алгач тар чөйрөдө көрсөтүлүп, алгачкы күйөрмандарынын сынына коюлду. Алардын катарында, белгилүү адамдар, журналисттер, шоу-бизнес өкүлдөрү болду. Ошондой эле, тасманы көрүүгө АКШлык жаш режиссер, Кыргызстандын «күйөө баласы» Хуан Буэндиа дагы келди. 

Тасма жаш журналист кыз Салима жана турмушундагы ар кандай жагдайлардан улам психикалык ооруга чалдыккан адамдар тууралуу тартылган. «Жинди» атка конуп, жиндиканада жатса дагы, жан-дүйнөсүнүн тазалыгын жоготпогон, достукту, үй-бүлөнү, сүйүүнү баалаган каармандар окурмандарга бирде күлкү тартууласа, бирде көзүнө жаш алдырат.

Чыгармачыл топ фильмде дин темасын да бир аз күлкүлүү кылып, кыстара кеткен. 

Бүгүнтөн баштап, тасма кеңири коомчулуктун сынына коюлмакчы.